Өлкө боюнча дагы 12 медицина кызматкери COVID-19 жуктуруп алды

12 медиктин сегизи Бишкектен, бирөө Нарын облусунда, үч учуру Ош шаарынан катталды. Жалпысынан вирус менен 51 ак халатчан күрөшүп жатат.
Sputnik

БИШКЕК, 11-апр. — Sputnik. Кыргызстанда бир суткада дагы 12 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алганын брифинг учурунда саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев билдирди.

Анын айтымында, 12 медиктин сегизи Бишкектен, бирөө Нарын облусунда, үч учуру Ош шаарынан катталды. Жалпысынан вирус менен 51 ак халатчан күрөшүп жатат.

Бүгүн Кыргызстанда дагы 41 кишиден коронавирус аныкталды. Ушуну менен вирус аныкталган адамдардын жалпы саны 339 болду. Арасынан беш киши каза таап, 44 киши сакайды.