Министр: фермерлер жеңилдетилген насыя алуу үчүн кайрылса болот

Чодуев "Айыл Банк", "РСК Банк" аркылуу 525 миллион сомдук насыялар берилгенин кошумчалады.
Sputnik

БИШКЕК, 11-апр. — Sputnik. Фермерлерге жеңилдетилген түрдө насыя берилет. Бул тууралуу айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Эркинбек Чодуев брифинг учурунда билдирди.

Асрандиев чет өлкөдөн алынган каражаттар эмнеге жумшалып жатканын айтты
Анын айтымында, азыркы учурда "Айыл чарбасын каржылоо — 8" программасынын алкагында жеңилдетилген насыяларды берүү иштери жүргүзүлүүдө.

"Айыл Банк", "РСК Банк" аркылуу 525 миллион сомго насыялар берилди. Азыр банктар иштеп жатат, фермерлер насыя алууга кайрылса болот", — деди министр.

Эске салсак, буга чейин өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев ишкерлерди ар тараптан колдоо керектигин баса белгилеген. Өкмөт бизнеске бир катар жеңилдиктер берилерин да жар салган.