"Кыргызтелеком" өзгөчө абал режими аяктаганга чейин чалууларды акысыз кылды

Өзгөчө абал режими аяктаганга чейин өлкө ичинде чалуулар бекер болуп, убактысы чектелбей турганы айтылды.
Sputnik

БИШКЕК, 10-апр. — Sputnik. "Кыргызтелеком" ишканасы өзгөчө абал режими учурунда Кыргызстан боюнча чалууларды акысыз кылды. Бул тууралуу ишкананын маалымат кызматы билдирди.

Ага ылайык, өзгөчө абал режими аяктаганга чейин өлкө ичинде чалуулар бекер болот жана убактысы чектелбейт. Мындан сырткары, өлкө боюнча шаар аралык чалууларга мүмкүнчүлүгү жок абоненттер дагы акысыз сүйлөшө алышат.

"Биз абоненттердин баары байланышта болуусун каалайбыз. Азыркы тапта өзгөчө абалдан улам көпчүлүк үйдө. Мындан улам "Кыргызтелеком" абоненттерге жакындары менен баарлашууга шарт түзүп бермекчи", —дешти ишкананын маалымат кызматынан.

MegaCom кыргызстандыктар эмнеге байланышсыз калганын түшүндүрдү
Өзгөчө абал режиминен улам көптөгөн мекемелер, адистер акысыз кызмат көрсөтө баштады. Алсак, азыркы кырдаалга кыжаалат болуп, санаа тартып жаткандарга психологдор бекер жардам көрсөтөт.

Эске салсак, Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарлары менен Сузак, Кара-Суу, Ноокат райондоруна 25-марттан 15-апрелге чейин өзгөчө абал киргизилди. Бул аймактарда саат 20:00дөн 7.00гө чейин көчөгө чыгууга тыюу салынган. Күндүз ооруканага, дарыканага жана дүкөнгө гана барууга уруксат берилген.