Гапар Айтиев атындагы көркөм сүрөт музейи КМШдагы 10 мыкты музейдин катарына кирди

Туристтик портал КМШ мамлекеттериндеги эл тынбай барган, онлайн-турлары, виртуалдык экскурсиялары көп мыкты музейлердин рейтингин түзгөн.
Sputnik

БИШКЕК, 10-апр. — Sputnik. Гапар Айтиев атындагы көркөм сүрөт өнөр музейи КМШдагы 10 мыкты музейдин катарына кирди. Бул маалымат "ТурСтат" туристтик порталына жарыяланды.

Билдирмеге ылайык, портал КМШ мамлекеттериндеги эл тынбай барган, онлайн-турлары, виртуалдык экскурсиялары көп мыкты музейлердин рейтингин түзгөн.

Мыкты аталган 10 музейдин тизмеси:

  • Третьяков галереясы, Пушкин музейи — Москва, Россия;
  • Россия музейи — Санкт-Петербург, Россия;
  • Улуттук көркөм музей — Минск, Белоруссия;
  • А. Кастеев атындагы мамлекеттик өнөр музейи — Алматы, Казакстан;
  • Улуттук өнөр музейи — Баку, Азербайжан;
  • Улуттук галерея — Ереван, Армения;
  • Өнөр музейи — Ташкент, Өзбекстан;
  • Улуттук өнөр музейи — Кишинев, Молдова;
  • Гапар Айтиев атындагы көркөм сүрөт өнөр музейи — Бишкек, Кыргызстан.