MegaCom кыргызстандыктар эмнеге байланышсыз калганын түшүндүрдү

Компаниядан билдиришкендей, көйгөйдү жоюуга кошумча адистер тартылган. Натыйжада байланыш 40 мүнөттөн кийин калыбына келтирилди.
Sputnik

БИШКЕК, 10-апр. — Sputnik. MegaCom бренди менен таанымал "Альфа-Телеком" ЖАКсы кыргызстандыктар убактылуу байланышсыз калганына эмне себеп болгонун түшүндүрдү.

Бишкекте коменданттык саат учурунда терминал уурдалды
Компаниянын маалыматына караганда, өзгөчө абал режими киргенден кийин интернет трафигин колдонгондордун саны кыйла өсүп системага оорчулук келген. Мындан сырткары, тармакты модернизациялоо ишинин жүрүшү да мүчүлүштүктөргө себеп болгон.

Уюмдан билдиришкендей, байланыш үзүлгөн кезде абоненттер интернетти колдоно албай калышкан. Көйгөйдү чечүү үчүн кошумча адистер тартылганы айтылды.

"Карантинге байланыштуу кызматкерлердин бир бөлүгү үйдөн иштеп жаткандыктан, калыбына келтирүү иштерине 40 мүнөт кетип калды", — дешти компаниядан.

Учурда тармактын иши толугу менен калыбына келгени белгиленди.