Ишембиге карата аба ырайы

Күндүз тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн, мындан улам тоолуу өрөөндөрдө жолдор тайгак болот.
Sputnik

БИШКЕК, 10-апр. — Sputnik. 11-апрелде түнкүсүн өлкө аймагы боюнча жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн, мындан улам тоолуу өрөөндөрдө жолдор тайгак болушу ыктымал. Ал эми дыйканчылык аймактарда күн ачык болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.

Маалыматка ылайык, абанын температурасы Чүй өрөөнүндө +12…+17, Ош, Баткен, Жалал-Абад облустарында +15…+20, ал эми Талас, Ысык-Көл жана Нарын жергелеринде +11…+16 градус жылуу болот.

Бишкек жана Ош шаарларында жаан-чачын жаабайт. Күндүн табы борбор калаада +14…+16 жана Ош шаарында +18…+20 градуска чейин жетет.