БИШКЕК, 10-апр. — Sputnik. Коронавирус пандемиясынан улам дүйнөлүк экономика дагы бир кризиске кабылды. Мындай пикирин Эл аралык валюта фондунун аткаруучу директору Кристалина Георгиева билдирди.
Анын айтымында, COVID-19 социалдык-экономикалык тартипти чагылгандай тездик менен бузуп салды.
"2020-жылы ар тарапта тартыштык болору айтпаса дагы белгилүү. Улуу депрессиядан кийинки эле өтө оор кесепеттер эми болушу мүмкүн. Үч ай мурда 160 өлкөнүн ички дүң продукциялары боюнча көрсөткүчү өсөрүн күтүп жатканбыз. Эми бүгүнкү абалыбызды көргүлө", — деди Георгиева.
Анын айтымында, мындан ары абал тетири кетип, 170 өлкөнүн ички дүң продукциясы төмөндөйт. Кризис бир гана өнүгүп келе жаткан эмес, эчак өнүккөн өлкөлөрдү дагы кыйынчылыкка кептейт.
Эл аралык валюта фондунун божомолуна караганда, пандемия 2020-жылдын экинчи жарымында ооздукталса, дүйнөлүк экономиканы 2021-жылы акырындык менен калыбына келтирүүгө болот.
Георгиева сөзүнүн аягында мындан ашык прогноз кыла албасын, анткени бардыгы эпидемиологиялык абалдан көз каранды экенин билдирди.