Депозиттик эсептен 433 дарыгерге компенсация төлөнүп берилди

Буга чейин жардам иретинде которулуп жаткан каражатты бөлүштүрүү комиссиясы дарыгерлердин кошумча маянасы үчүн 38,8 миллион сом берүү чечимин кабыл алган.
Sputnik

БИШКЕК, 10-апр. — Sputnik. Саламаттык сактоо министрлиги үчүн ачылган депозиттик эсептен 433 медицина кызматкерине компенсациялык төлөмдөр берилди. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Эске салсак, буга чейин коронавирус менен күрөшүү үчүн атайын эсеп ачылган. Жардам иретинде которулуп жаткан каражатты бөлүштүрүү комиссиясы дарыгерлердин кошумча маянасы үчүн 38,8 миллион сом берүү чечимин кабыл алган.

"Бүгүнкү күндө каражаттын 3 миллион 159 миң сому медицина кызматкерлеринин колуна тийди", —деп айтылат маалыматта.

Ошто коронавирус жуктургандардын арасында кош бойлуу келин бар
Буга чейин биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов эгер медициналык кызматкер коронавирусту кызматтык милдетти аткарып жатып жугузуп алса, ага 200 миң сом компенсация берилерин айткан. Эгер коронавирус жуктуруп алган медик каза болуп калса, үй-бүлөсүнө бир миллион сом каралмакчы.

Кыргызстанда коронавирус жуктуруп алгандардын жалпы саны 298ге жетти. Анын бешөө көз жумуп, 39у айыгып чыкты. Бейтаптардын арасында 39 медицина кызматкери коронавирус менен алпурушууда.