БИШКЕК, 10-апр. — Sputnik. Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев экономикалык ишмердүүлүктү калыбына келтирүү маселеси боюнча кеңешме өткөрүп, ишкерликти колдоонун кошумча чараларын иштеп чыгууну тапшырды. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.
Ага ылайык, кеңешмеде өкмөт башчы экономикалык активдүүлүктү жандандыруу үчүн бизнеске кошумча колдоо көрсөтүп, аларды узак убакытка арзан насыялык ресурстар менен камсыздоо керектигин белгиледи.
"Мамлекеттик органдардын жана мамлекеттик компаниялардын чыгымдарын кыскартышыбыз керек. Башкы милдетибиз —жарандардын алдындагы бардык социалдык милдеттенмелерди өз убагында аткарып, бизнести колдоо", — деди Абылгазиев.
Ал өкмөт тараптан кыска жана орто мөөнөткө ишкерликти колдоо боюнча чаралардын пакетин бекитүү пландалып жатканын айтты. Азыркы учурда экинчи пакети иштелип жатат.
Кеңешменин жыйынтыгында өкмөт башчы сунушталган чараларды толуктап иштеп чыгып, экономиканы колдоо боюнча иш-чаралардын экинчи пакетин бекитүү керектин баса белгиледи.