Катуу шамал Ысык-Көлдү да жарыксыз калтырды

Шамалдан Нарын облусунун Ат-Башы районунун айылдары да жарыксыз калган. Үйлөрдүн чатырлары да учуп, жашоочулар зыянга учураган.
Sputnik

БИШКЕК, 9-апр. — Sputnik. Ысык-Көлдө да катуу шамал болуп, облус толугу менен жарыксыз калган. Бул тууралуу Улуттук энергохолдингдин маалымат кызматы кабарлады.

Ага ылайык, азыркы тапта электр энергиясын кайра калыбына келтирүү иштери жүрүп жатат. Айрым аймактарга чекесинен жарык бериле баштады.

"9-апрель саат 11:20да катуу шамалдан улам "Ысык-Көл" подстанциясында авария болуп, облус толугу менен жарыксыз калган. Азыркы тапта кызматкерлер кайра калыбына келтирүү иштери менен алектенип жатат. Саат 11:40та "Ысык-Көл" жана "Тамга" подстанциялары иштеп баштады", —деп айтылат билдирүүдө.

Катуу шамалдан Нарын облусунун Ат-Башы районунун айылдары да жарыксыз калган. Шамал үйлөрдүн чатырларын да учуруп кеткен.

Ал эми Бишкекте катуу шамалдан дарактар кулап, автоунааларды басып калды. Калаада учурда кар жаап жатат.