БИШКЕК, 9-апр. — Sputnik.Осмонбек Артыкбаев Жогорку Кеңештин депутаттык мандатынан ажыратылды. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынан билдиришти.
Ведомстводон эске салышкандай, Артыкбаев былтыркы жылдын 6-декабрында Свердлов райондук соту тарабынан ТЭЦ модернизациясына байланыштуу кылмыш иши боюнча күнөөлүү деп табылган.
23-март күнү экинчи инстанция айрым гана өзгөрүүлөр менен өкүмдү күчүндө калтырган. Мыйзамга ылайык, апелляциялык инстанциянын өкүмү ал угузулган күндөн тарта күчүнө кирет, тарыгаагы, 23-марттан баштап иштейт.
"Жогорку Кеңештин депутатына сот күнөөлүү деп өкүм чыгарса, ал мөөнөтүнөн мурда мандатынан ажыратылат", — деп айтылат билдирүүдө.
ТЭЦ чуусу
Өткөн жылдын ноябрь айынын аягында Бишкек ТЭЦин реконструкциялоодогу коррупцияга тийиштиги бар деп айыпталгандар боюнча Свердлов райондук сотунун иликтөөсү аяктап, тергөө мамлекет 5 миллиард 439 миллион 527 миң 482 сом чыгым тартканын аныктаган.
Ал эми Артыкбаевге ден соолугун эске алуу менен жеңилдетилген жаза берилген. Сот аны мамлекетке 100 миллион сом кайтарып берсин деп өкүм чыгарган. Ошондой эле Кылмыш-жаза кодексинин 304-беренеси менен 50 миң эсеп көрсөткүчү (5 миллион сом) боюнча айып салып, үч жылга мамлекеттик кызматтарда иштөөсүнө бөгөт койгон.