Дүйнөдө коронавирус жуктургандардын саны 1,5 млн. кишиге чукулдады

Тизменин сап башында мурункудай эле АКШ турат. Ал эми оору чыккан Кытайда вирус артка чегинип, илдетке чалдыккандардын саны боюнча Испания, Италия, Германия, Франция озуп кетти.
Sputnik

БИШКЕК, 9-апр. — Sputnik. Жон Хопкинс атындагы университеттин Системалуу изилдөө жана инжиниринг борборунун сайтындагы маалыматка ылайык, 9-апрелге карата дүйнө жүзү боюнча коронавирус жуктургандардын саны 1 484 811ге жетти.

Анын ичинен 88 538 адам каза болсо, 329 876 киши айыгып чыккан.

76 күн изоляцияда турган Ухань шаары өткөн түнү эшигин ачты
Тизменин сап башында мурункудай эле АКШ турат. Бул өлкөдө вирусту жуктуруп алгандардын саны 432 132 болду. Испанияда — 148 220, Италияда — 139 422, Германияда — 113 296, Францияда — 83 080, Кытайда — 82 867, Иранда — 64 586, Улуу Британияда — 61 474. Калган мамлекеттерде бул сан 50 миңден ылдый.

Көз жумгандардын ичинен эң көбү Италияда. Бул мамлекетте вирус 17 669 адамдын өмүрүн алды. Испанияда — 14 792, Францияда — 10 869, Улуу Британияда жети миңден ашык киши дал ушул вирустун айынан мерт кеткен.

Кыргызстанда коронавирус жуктуруп алгандардын саны 270ке жетти.

Коронавирус тууралуу

2019-жылдын декабрь айынын аягында Ухань шаарында белгисиз өпкө оорусу жайылып баратканы байкалган. Оору деңиз азыктарын саткан базардан тараган. Адистер дарттын козгогучу коронавирустун 2019-nCoV деп аталган жаңы тиби экендигин боолголошкон. 11-март күнү Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму коронавирус боюнча дүйнөдө пандемия жарыялаган. Учурда вирус 200дөй өлкөгө жайылды, ага каршы вакцина табыла элек.