Доллар менен евро арзандады. Күйүүчү май менен алтындын баасы кандай

Sputnik Кыргызстан Бишкектин акча алмаштыруу жайларындагы валюта курсун, алтын жана күйүүчү майга болгон бааларды сунуштайт.
Sputnik

БИШКЕК, 9-апр. — Sputnik. Өткөн суткада Бишкекте доллар менен евронун баасы сомго карата төмөндөдү. Алтын куймалары да арзандап, күйүүчү май ошол бойдон калды.

Учурда долларды сатып алуу — 78.62, сатуу — 79.32 сом. Еврону сатып алуу — 79.38, ал эми сатуу — 83.09 сомго бааланып жатат.

Рубль наркы бир сомдон төмөн (сатып алуу — 0.913, сатуу — 0.994 сом) кармалып турат.

Күйүүчү майдын баасы дээрлик өзгөргөн жок. АИ-92 үлгүсүндөгү бензиндин бир литри 38 сомдун тегерегинде, ал эми АИ-95 42 сомдон сатылууда.

Улуттук банктын алтын куймаларынын баасы бүгүн рекорд койду
Алтын куймаларынын бир граммы 85 сомго арзандады.

Эске салсак, 2015-жылдан тарта Улуттук банк алтын куймаларын сатыкка чыгара баштаган. Бул кыргызстандыктардын топтогон акчасын алтынга салууга көмөктөшүү максатында жасалган болчу. Алар ар башка граммдагы алты түрдүү уютмадан турат, салмагы бирден 100 граммга чейин. Уютма сатуу башталгандан бери 220 кг алтын соодаланган.

Мамлекеттин башкы банкы алтын уютмаларын элге сатып гана тим болбостон, аны сатып да алат. Баа Лондондогу Баалуу металлдар ассоциациясынын кечки фиксингине карата ар күн сайын коюлуп турат.