Кыргызстанда коронавирустан дагы 12 адам айыкты

Буга чейин 23 адам коронавирусту жеңип чыкканы маалым болгон, ушуну менен алардын саны 35ке жетет.
Sputnik

БИШКЕК, 8-апр. — Sputnik. Кыргызстанда коронавирус жуктуруп алган 12 адам айыкты. Бул туурасында саламаттык сактоо министри Сабыржан Абдикаримов брифинг учурунда билдирди.

Анын айтымында, өткөн суткада Ала-Бука райондук ооруканасында жаткан эки бейтап чыгарылган. Бүгүн Жалал-Абад облустук ооруканадан дагы 10 кишини чыгаруу пландалууда.

Буга чейин 25 кишинин айыкканы белгилүү болчу. Бүгүн кечке чейин дагы 10 адам чыгарылса, жалпы саны 35ти түзөт.