БИШКЕК, 8-апр. — Sputnik. Окуучуларды дистанттык окутууда кандайдыр бир көйгөй жаралса, кеңеш суроо үчүн ыкчам байланыш номерлери түзүлдү. Бул туурасында билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова брифинг учурунда билдирди.
Анын айтымында, министрликте дистанттык форматта билим берүү тобу уюштурулган. Бул топ бардык суроолорго жооп берип, кеӊеш берип, ар бир регион менен байланышып, пайда болгон көйгөйлөрдү чечүүгө жардам берет.
Эгер ата-энелерде кандайдыр бир маселе жаралса, төмөнкү телефондорго чалуу керек:
- 0550-512-075;
- 0550-801-026;
- 0550-368-784;
- 0550-513-385;
- 0557-442-355
Белгилей кетсек, коронавирус пандемиясы жана өлкөдө жарыяланган өзгөчө кырдаал, айрым аймактардагы өзгөчө абал режимдерине байланыштуу мектеп окуучулары IV чейректи үйдөн окууга аргасыз болууда.