Жээнбеков революцияда курман болгондорду эскерип, жаңы музейди көрүп чыкты

Президент "Ала-Тоо" аянтындагы 2002-жылдын Аксы окуясында жана 2010-жылдын Апрель революциясында эл эркиндиги үчүн курман болгондорго арналган эстелик монументине дагы гүл койду.
Sputnik

БИШКЕК, 7-апр. — Sputnik. Мамлекет башчы Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 7-апрелде, элдик Апрель революциясынын 10 жылдыгына байланыштуу Апрель окуяларында курман болгон баатырларды эскерди. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан билдиришти.

Мамлекет башчы "Ата-Бейит" улуттук тарыхый-мемориалдык комплексиндеги 2010-жылдагы элдик Апрель революциясынын баатырларын эскерүү мемориалына гүл койду. Андан соң куран окулду.

Ошондой эле Жээнбеков Апрель революциясы тууралуу санариптик сүрөт жана видеоматериалдар, маалыматтар жана элдик Апрель революциянын баатырларынын портреттери сакталып турган "Таазим" тарыхый-мемориалдык музейин көрүп чыкты. Эскерүү китебине Апрель окуясынын мааниси тууралуу пикирин калтырды.

Ошондой эле саясий репрессиялардын курмандыктарына арналган мемориалга, жазуучу Чыңгыз Айтматовдун мүрзөсүнө жана 1916-жылдагы каргашалуу окуяда каза болгондордун элесине арналган мемориалга гүл коюлду.

Иш-чарага Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков, Жогорку соттун төрайымы Гүлбара Калиева, экс-президент Роза Отунбаева, биринчи вице-премьер Кубатбек Боронов катышты.