UFC Нурмагомедовдун ордуна Фергюсон менен чыкчу жаңы атаандаш тапты

Промоутерлик компаниянын башчысы Дана Уайт мушкерлер утурумдук чемпиондук наам үчүн беттеше турганын билдирди. Турнир кайсы жерде болору айтыла элек.
Sputnik

БИШКЕК, 7-апр. — Sputnik. Абсолюттук мушкерлер уюму UFC 249 турнирине катыша турган мушкерлердин тизмесин түзүп, америкалык Тони Фергюсонго жаңы атаандаш табылганын жар салды.

Коронавирус пандемиясына байланыштуу беттеше албай калган Хабиб Нурмагомедовдун ордуна америкалык Жастин Гэтжи чыкмай болду.

Промоутерлик компаниянын директору Instagram баракчасы аркылуу мушкерлер утурумдук чемпиондук наам үчүн беттеше турганын билдирди.

"Тони Фергюсон менен Жастин Гэтжи кыл чайнашары анык болду. Алардын кармашы ESPN телеканалынан түз эфирден көрсөтүлөт. 18-апрелде алар 70 килограмм салмак ченде утурумдук чемпиондук кур үчүн жан үрөшөт ", — деп анонс кылды UFC башчысы.

Атлеттердин турнири кайсы мамлекетте же шаарда өтөрү айтылган жок.

Хабиб Фергюсондун курун тээп салды. Мушкерлер сес көрсөтүшкөн видео
Нурмагомедов менен Фергюсондун беттеши 18-апрелде Нью-Йоркто өтмөк. Мында россиялык спорту чемпиондук наамын коргомок. Бирок коронавируска байланыштуу шаардын бийлиги массалык иш-чараларды токтоткон. Ошондон улам промоутерлик компания беттеш өткөрүүгө башка жерди издеп баштаган. Бирок 1-апрелде россиялык атлет карантинге байланыштуу мекенинде калгандыктан, Фергюсон менен беттеши болбой калганы аныкталган.

Ушуну менен мушкерлердин беттеши 2015-жылдан бери бешинчи ирет жылдырылып жатат. Бирде россиялык атлет, экинчисинде америкалык спортчу жаракат алса, соңку беттешке коронавирус пандемиясы себеп болду.