БИШКЕК, 7-апр. — Sputnik. Акыйкатчынын Ош шаары боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү калаанын чок ортосунда 20 жылдан бери уулу менен вагондо жашаган 52 жаштагы К.С. аттуу аялдан кабар алды. Бул тууралуу Акыйкатчы институтунун маалымат кызматынан билдиришти.
Аялдын документинде Райимбеков көчөсүндөгү №4 үйдө жашай турганы көрсөтүлүп, бирок канчанчы батир экени жазылган эмес.
"Анын айтымында, майыптыгы бар. Бирок муну тастыктаган медициналык маалымкаты же башка документи жок. Ал ошондой эле Ош шаарынын мэриясына бир нече ирет жардам сурап кайрылганын билдирди. Бирок алардан төрт айдан бери жооп болгон эмес. Ушул күнгө чейин бир дагы кызматкер алардын үй шарты менен таанышпаптыр", — деп айтылат маалыматта.
Жолугушуунун жыйынтыгында акыйкатчынын ыйгарым укуктуу өкүлү Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашовдун атына кат жолдоп, маселени өз көзөмөлүнө алмай болду.