Фермерлер Бишкектен вакцинаны кантип алса болот. Коменданттын сунушу

Бишкекке жүгү жок келген фермерлер шаарга кире алышпайт. Алар блокпосттон өтпөй туруп тийиштүү товарлар менен вакцинаны кантип алышарын комендант айтып берди.
Sputnik

БИШКЕК, 7-апр. — Sputnik. Бишкектин коменданты Алмаз Орозалиев фермерлер борбор калаага кирбей туруп кантип вакцина сатып алса болорун брифинг учурунда түшүндүрдү.

Күнүмдүк акчага жашагандарга бийлик кантип жардам берет? Өкмөттүн жообу
Ага журналисттер блокпосттон өтө албай жаткан фермерлер Бишкектен товар менен вакциналарды кантип алса болору тууралуу суроо узатышкан.

Коменданттын айтымында, өзгөчө абал режими учурунда Бишкекке жүгү жок келген фермерлер блокпосттордон өткөрүлбөйт.

"Биз бардык жарандарга өткөрмө кагазын бере албайбыз. Шаарда жеткирүү кызматтары иштеп жатат. Алар блокпостко чейин заказ кылган тийиштүү товарларды алып келип беришет. Менин кеңешим – ошол кызматтарды колдонуңуздар", - деди комендант.

Ал ошондой эле азык-түлүк жүктөгөн жүк ташуучу унаалар эки тарапка тең тоскоолдуксуз өтүп жатканын белгиледи.