Күйүүчү май арзандады. 7-апрелге карата Бишкектеги баасы

Нефтетрейдерлердин товарларынын өтүмдүүлүгү түшүп кетти. Айрымдарыныкы 80 пайызга чейин төмөндөсө, айрымдарыныкы беш эсеге чейин жетти.
Sputnik

БИШКЕК, 7-апр. — Sputnik. Бүгүн, 7-апрелде, Бишкекте күйүүчү майдын баасы арзандады. Бул тууралуу аны сатуучу компаниялардын сайтынан көрүүгө болот.

Күйүүчү май арзандады. 7-апрелге карата Бишкектеги баасы

Дүйнө экономикалык кризиске даяр болушу керек! Россия менен Кытайдын божомолу
Sputnik Кыргызстан күн сайын Бишкек шаарындагы күйүүчү май, алтын куймалары жана чет элдик валюталарга болгон бааны сунуштап келет. Бирок бүгүн иш күнү болбогондуктан, Улуттук банк алтын куймаларына баасын көрсөткөн жок. Ошондой эле коммерциялык банктар иштебейт.

Маалыматка караганда, дизель майы менен АИ-95 үлгүсүндөгү бензин бир сомго арзандады. Ал эми АИ-92 майы 60 тыйынга түштү.

Буга чейин Нефтетрейдерлер ассоциациясынын аткаруучу директору Канат Эшатов Sputnik Кыргызстан радиосуна күйүүчү майдын арзандашына учурдагы абалга жараша товарга суроо-талаптын түшүп кетиши себеп болгонун айткан.