Кыргызстанда жазгы мөөнөттөгү аскерге чакыруу токтотулду

Өкмөткө өз чечимдерин Жарлыкка ылайык келтирүү сунушталды. Жарлык расмий жарыяланган күндөн артып күчүнө кирет.
Sputnik

БИШКЕК, 6-апр. – Sputnik. Жазгы мөөнөттөгү аскердик жана альтернативдик кызматтарга чакыруу токтотулду. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан билдиришти.

Тийиштүү Жарлыкка мамлекет башчы Сооронбай Жээнбеков кол койду. Ага ылайык, аскердик жана альтернативдик кызматтын белгиленген мөөнөтүн өтөп бүткөн аскер жана альтернативдик кызматтын өкүлдөрүн запаска бошотуу дагы токтотулду.

"Мындай чечим айрым шаарларда жана райондордо өзгөчө абал киргизилгендигине байланыштуу кабыл алынды", — деп айтылат маалыматта.

Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.