Кыргызстанда 33 адам коронавирустан сакайды

Ушуну менен өлкөдө COVID-19 жуктургандан кийин айыккан адамдардын саны 33кө жетти. Буга чейин тогуз кишинин сакайганы айтылган.
Sputnik

БИШКЕК, 5-апр. — Sputnik. Кыргызстанда коронавируска кабылган 33 адам сакайды. Бул туурасында саламаттык сактоо министри Сабыржан Абдикаримов брифинг учурунда билдирди.

“Мен бүгүнкү брифингди жакшы сөз менен баштагым келет. Бүгүнкү күндө бизде 10 адам айыгып чыкты. Андан кийин Жалал-Абад ооруканасындагы 23 кишинин дагы анализи даяр болду. Аларды дагы бүгүн чыгарабыз”, — деди министр.

Соңку маалымат боюнча, Кыргызстанда коронавирус жуктуруп алган адамдардын саны 216га жетти. Анын ичинен төрт киши каза болду.