Бешөө жандандыруу бөлүмүндө. Өлкөдө COVID-19 жуктургандардын абалы

Жандандыруу бөлүмүндөгү беш кишинин абалы туруктуу оор. Анын ичинен экөө жасалма дем алдыруучу аппаратка туташтырылган.
Sputnik

БИШКЕК, 6-апр. — Sputnik. Кыргызстанда стационарларда коронавируска кабылган 202 адам жатат, алардын бешөө жандандыруу бөлүмүндө. Бул туурасында саламаттык сактоо министри Сабыржан Абдикаримов брифинг учурунда билдирди.

Министрдин айтымында, жандандыруу бөлүмүндө жаткан беш кишинин абалы туруктуу оор. Анын ичинен экөө жасалма дем алдыруучу аппаратка туташтырылган.

Белгилей кетсек, өткөн сутканын ичинде өлкөдө 69 адам COVID-19 жуктурганы тастыкталды.

Жалпысынан Кыргызстанда коронавирус жуктурган адамдардын саны 216га жетти. Анын ичинен төрт адам каза болгону кабарланды. Ал эми 42 киши ооруну жеңип чыкты.