Адис коронавирустун дарысын чыгарууга эмне тоскоолдук болуп жатканын айтты

Адис гриппке каршы колдонулчу дары-дармектер коронавирус инфекциясынан коргобой турганын белгилеп өттү.
Sputnik

БИШКЕК, 6-апр. — Sputnik. Коронавируска каршы вакцина чыгаруу процесси сыноодон өткөрө турган жаныбарлар жок болгондуктан кечеңдеп жатат. Бул тууралуу Роспотребнадзордун алдындагы Эпидемиология борборунун илим-изилдөө институтунун директорунун илимий иштер боюнча орун басары, профессор Александр Горелов Россиянын “Жить здорово!” телеберүүсүндө билдирди.

Ал алып баруучу Елена Малышеванын суроолоруна жооп берип жатып окумуштууларды кыйынчылыкка кептеген жагдай тууралуу айтып берген.

“Дүйнө боюнча 20га чукул компания, анын ичинде россиялык ишканалар вакцина иштеп чыгууну баштады. Анын негизги бир көйгөйү сыноодон өткөрө турган лабораториялык жаныбар жок. Негизи айбанаттар бул вирусту тоотпойт. Ушул нерсе дарынын колдонууга чыгышын создуктуруп жатат”, — деп айткан Горелов.

Ошону менен бирге эле адис гриппке каршы колдонулчу дарылар коронавирус инфекциясынан коргобой турганын белгилеген.