Иранда COVID-19 жуктурган 100 жана 106 жаштагы эки карыя сакайып кетти

Соңку маалыматтар боюнча, Иранда коронавирус жуктургандар 58 миңден ашып, 3600дөн ашуун киши өлдү. Айыккандардын саны 22 миңден көп.
Sputnik

БИШКЕК, 6-апр. — Sputnik. Иранда коронавируска кабылган 100 жана 106 жаштагы улгайган эки бейтап ооруканадан сакайып чыкканын IRNA агенттиги жазды.

Эки учур тең Кум шаарындагы ооруканаларда болгон. 106 жаштагы эркек киши 14 күн дарылангандан кийин ишемби күнү медициналык жайдан чыгарылган. 100 жаштагы экинчи бейтап Али Афшари ооруканадан жекшембиде чыгарылган.

​Мындан тышкары, шейшемби күнү ооруканадан вируска кабылган 98 жаштагы кемпир чыгарылганы айтылат. Ал медиктердин көзөмөлүндө 27 күн болгон.

Коронавирус жуктургандардын саны өсүүдө. Коңшу мамлекеттердеги абал
Соңку маалыматтар боюнча, Иранда COVID-19 жуктургандар 58 миңден ашып, 3600дөн көп киши өлдү. Айыккандардын саны 22 миңден ашат.

2019-жылдын декабрь айынын аягында Ухань шаарында белгисиз өпкө оорусу жайылып баратканы байкалган. Оору деңиз азыктарын саткан базардан тараган. Адистер дарттын козгогучу коронавирустун 2019-nCoV деп аталган жаңы тиби экендигин боолголошкон. 11-март күнү Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму коронавирус боюнча дүйнөдө пандемия жарыялаган.