Доллардын сом менен рублга болгон наркы арзандай баштады

Бир нече күн мурун Кыргызстанда доллардын баасы 85 сомго чейин көтөрүлдү. Улуттук валютанын курсу рублдин абалынан дагы көз каранды.
Sputnik

БИШКЕК, 6-апр. — Sputnik. Сом менен рублдин долларга карата позициясы жогорулап жатат.

Россиянын Борбордук банкынын доллардын 7-апрелге карата койгон расмий курсу 1,32 рублга арзандап, 76,40 рублди түзсө, евро 3,1 рублга түшүп, 82,63 болуп калды. Буга чейинки курс 28-мартта Россияда карантин башталган учурда коюлган.

Коронавирус менен күрөшүүгө 100 млн. сомго чукул акча чогулду
Москва биржасында саат 14.37ге (17.37 бшк) карата доллардын баасы бүгүн жана эртең 74,4 рублдан ашпай турганы көрсөтүлөт. Ал эми 1-апрелде ушул эле биржада доллар 79 рублга бааланып жаткан.

2-апрелде Кыргызстанда америкалык валютанын наркы 85 сомго чейин көтөрүлгөн. Бирок кайра төмөндөп отуруп азыр 83,2 сомдун тегерегинде сатылууда.

Brent үлгүсүндөгү мунай 33 доллардан ашыгыраак турат. Доллардын куну жогорулап жатышына мунайдын баасы төмөндөп кеткени себеп. Мындай кырдаал Россия валютасын алсыздандырат. Ал эми рублдин арзандаганы кыргыз сомуна да таасирин тийгизет.