Борбор калаада жоогазындар гүл ачып, көчө көрккө бөлөнүүдө. Сүрөт

Шаардын клумбаларында жоогазындын 10 түрүнүн 185 миң түбү отургузулган. Гүлдөрдү калаанын борбордук көчөлөрүнөн жана башка жерлерден кезиктирүүгө болот.
Sputnik

БИШКЕК, 6-апр. — Sputnik. Бишкектин клумбаларында жоогазындар гүл ачып калганын шаардык мэриянын маалымат кызматы билдирди.

Ага ылайык, жоогазындар былтыр күзүндө "Бишкек жашыл чарба" муниципалдык ишканасынын кызматкерлери тарабынан отургузулган.

Жалпысынан борбордун клумбаларында жоогазындын 10 түрүнүн 185 миң түбү отургузулган. Алар Курманжан датканын эстелигинин жанында, Жаштар аллеясында, Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармониянын, Пушкин галереясынын, "Театральный" скверинин аймагында.

Керемет! Жазгы маанай тартуулап, гүл ачкан өрүктөр. Сүрөт
Ошондой эле гүлдөрдү "Элдердин достугу монументинен", өкмөт үйүнүн айланасынан, Свердлов жана Октябрь акимчиликтеринин алдынан, Фрунзе жана Ибраимов көчөлөрүнүн кесилишинен, Ахунбаев, 7-Апрель көчөлөрүнөн жана Түштүк магистралдан кезиктирүүгө болот.

Жоогазындар гүлдөп бүткөндөн кийин түбү казып алынып, кургатылып, күзүндө кайрадан клумбаларга отургузулмакчы.

Мэрия шаардыктарды жоогазындарга аяр мамиле жасоосун өтүнүп, эгер уурдоо фактылары болсо 0709399977 номери аркылуу "Бишкек жашыл чарба" ишканасына же милицияга кабарлап коюуну өтүндү.