Бишкекте Тез жардамдын унаасы кырсыктап, оодарылып калды. Видео

Унаалар бүгүн саат 11.30дар чамасында Жал кичи районунда кагышкан. Атайын кызматтын унаасы Toyota Camry сүзгөндө капталынан кулап калган.
Sputnik

БИШКЕК, 6-апр. — Sputnik. Бишкекте Тез жардам кызматынын унаасы жол кырсыгына кабылды. Бул туурасында Sputnik Кыргызстан агенттигине окуянын күбөсү кабарлап, жеринен сүрөт жана видеолорду жиберди.

Анын айтымында, кырсык бүгүн саат 11.30дар чамасында Жал кичи районунда болду. Кадрлардан атайын кызматтагы унааны Toyota Camry автосу сүзгөндө капталынан кулап калганын көрүүгө болот.

Жол кырсыгынан жабыркагандар тууралуу маалымат жок. ЖКККББдан маалыматты тактап жатышканын билдиришти.