Тамак-ашты үйгө жеткирүү: ӨА учурунда Бишкектеги кафелердин иш графиги

Коронавирустун жайылышы борбор калаадагы кафелердин ишин өзгөрттү. Көпчүлүк тамак-аш жайлары үйгө жеткирүү кызматын көрсөтүп жатышат. Бул боюнча биз карта даярдадык, ал аркылуу жактырган тамагыңызды кайсы жерден заказ кыла аларыңызды биле аласыз.
Sputnik

25-марттан тарта Бишкекте дагы айрым шаарлар менен райондордогудай эле өзгөчө абал режими иштеп жатат. Буга республикага жайыла баштаган коронавирус себеп болду. Көпчүлүк тамак-аш жайлары үйгө жеткирүү кызматын көрсөтүшүүдө.

Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчылары Бишкектеги кафе, ресторан, пиццерия, кофейня жана башка популярдуу тамак-аш жайлары менен байланышып, кимиси үйгө тамак жеткирип берерин билип көрдү.

Өзгөчө абалга карабай иштей берчү ишканалар. Жаңы тизме
Мекемелердин заказ алуу убактысы ар башка жана өзгөрүп турушу мүмкүн. Ошондуктан көрсөтүлгөн байланыш номерлер аркылуу тактап алууну сунуштайбыз. Мындан сырткары, көпчүлүк тамак-аш жайларында “өзү алып кетүү” опциясы бар. Дагы бири жеткирүү кызматын өздөрү уюштурат же “жеткирүү кызматтары” менен иштешет.

Тамак-аш жеткирүү боюнча кененирээк маалыматты мекемелердин социалдык тармактардагы баракчаларынан, сайттарынан, ошондой эле көрсөтүлгөн номерлерине чалып биле аласыздар.

Эгер сиздин үйгө тамак жеткирген кафеңиз картада көрсөтүлбөй калган болсо, бизге Telegram же WhatsApp аркылуу кабарлаңыз.

Эгер сиз иштеткен жайда кандайдыр бир өзгөрүүлөр болсо (0706) 56-65-44 номери аркылуу жазып койсоңуз болот. Биз өз учурунда картадагы маалыматты жаңыртып коёбуз.