ИИМ: коменданттык саатты Кыргызстан боюнча 80ге жетпеген киши бузду

Кармалгандар ички иштер органдарынын аймактык бөлүмүнө жеткирилип, эреже, тартиптерди сактоо боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн соң үйлөрүнө коё берилген.
Sputnik

БИШКЕК, 6-апр. — Sputnik. 5-апрелден 6-апрелге караган түнү Кыргызстандын өзгөчө абал киргизилген аймактарында коменданттык саатты 78 киши бузуп, бир дагы унаа айып короого киргизилген жок. Бул туурасында Ички иштер министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти.

Коменданттык сааттын негизинде Бишкек, Ош жана Жалал-Абад шаарлары, Ноокат, Кара-Суу жана Сузак райондорунда кечки 8.00дөн эртең мененки саат 7.00гө чейин көчөдө жүрүүгө тыюу салынат.

Кечээ коменданттык сааттын талаптарын бузгандар төмөнкү жерлерде катталды:

  • Бишкек шаарында — 66;
  • Ош шаарында — 2;
  • Жалал-Абад шаарында — 6,
  • Сузак районунда — 2,
  • Кара-Суу районунда — 2.

Бишкектин тосулган жолдору. Карантиндик зонанын картасы
Ал эми Ноокат районунда эч ким коменданттык сааттын тартибин бузган эмес.

Кармалгандар ички иштер органдарынын аймактык бөлүмүнө жеткирилип, эреже, тартиптерди сактоо боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн соң үйлөрүнө коё берилген.

Жалпысынан Кыргызстанга өзгөчө абал киргизилгенден, тагыраагы, 25-марттан тарта коменданттык саат эрежесин бузган 1944 адам кармалган.