Ошто ӨА режиминде кызмат кылгандар коргоочу кийим менен толук камсыздалды

Коронавирустун жайылышына каршы күрөшүп жаткан милиционерлер менен ӨКМдин кызматкерлери да атайын форма менен иштешет.
Sputnik

БИШКЕК, 5-апр. — Sputnik. Ош облусу жана Ош шаарында өзгөчө абал режиминде иштеп жаткан бардык кызматкерлер коргоочу кийимдер менен камсыздалды. Бул тууралуу өкмөттүн облустагы өкүлчүлүгүнүн маалымат кызматы кабарлады.

Тагыраак айтканда, Ноокат, Кара-Суу райондук милициясынын жана Ош ШИИБдин, ӨКМдин, ЖКККБнын, медицина жана залалсыздандыруу ишканасынын кызматкерлери коргоочу кийимдер менен толук камсыздалды. Чакыруу болгон жайларга ыкчам-тергөө тобу коргоочу костюм менен барып, санитардык эрежелерди сактоо менен иш жүргүзөт.

Ошондой эле коронавирус жугузгандар менен байланышкан адамдарды аныктоодо, аларды обсервацияга жаткырууда, коомдук тартипти жана коопсуздукту камсыз кылууда дагы кызматкерлер атайын коргоочу кийимдер менен иштейт.