Коронавирус менен күрөшүүгө 100 млн. сомго чукул акча чогулду

Түшкөн каражатка байкоо салуу үчүн ачылган сайтта ким кайсы күнү, канча сумма жөнөткөнү ачык жазылган.
Sputnik

БИШКЕК, 5-апр. — Sputnik. Коронавируска каршы күрөшүү үчүн элден жыйналган акчанын суммасы 4-апрелге карата 96,9 миллион сомго жетти. Бул туурасында Республикалык штабдын help.covid.kg сайтына жарыяланды.

Белгилей кетсек, буга чейин эсепке түшүп жаткан каражаттардын эсебин онлайн көрүп туруу үчүн атайын сайт ачылган. Мында ким кайсы күнү, канча сумма жөнөткөнү да ачык жазылат.

Атайын эсепке түшкөн каражаттын 38,8 млн. сому дарыгерлерге берилет
Аны карап коронавирус менен күрөшүүгө жардам иретинде жөнөкөй жарандардан тарта жеке компаниялар, фонддор жана мамлекеттик мекемелерге чейин акча жөнөтүп жатканын билүүгө болот. Айрым мекемелердин кызматкерлери маянасынын кайсы бир бөлүгүн которгон. Ошондой эле миллиондоп жардам берип жаткан фонддор, компаниялар дагы бар.

Кээ бирлери 300 сом жөнөтүп, аз болсо да салым кошуу ниетин билдирген.

Чогулган каражаттар тууралуу Республикалык штабдын сайтынан кененирээк тааныша аласыз.

Белгилей кетсек, өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу Саламаттык сактоо министрлиги атайын эсеп ачкан.

Эсептин номери: 4402011000101373