Ысык-Көлдө адамдарды жүк ташуучу унаага катып бараткандар кармалды. Сүрөт

Ысык-Көл облусунда өзгөчө абал жарыяланган эмес. Бирок өзгөчө кырдаал киргизилип, каттамдарга чектөө коюлган.
Sputnik

БИШКЕК, 4-апр. — Sputnik. Ысык-Көлдө жүк ташуучу унаанын артына адам салып, посттон жашыруун алып өтүүгө аракет кылган айдоочулар кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, облустун аймактарында санитардык-карантиндик посттор коюлуп, элге коронавирустун жайылышына бөгөт коюу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө. Бирок кээ бир жарандар өзүнө жана айланасындагы адамдарга кооптуулук жаратып, бийликтин талаптарын одоно бузуп жатат.

"3-апрелде Ысык-Көл районунун Чок-Тал айылында милиционерлер жүк ташуучу бусту токтоткон. Айдоочу Тоң районунун Бөкөнбаев айылынын тургуну болгон. Ал азык-түлүк товарын алууга баратканын айткан. Бирок текшергенде артынан 11 жүргүнчү чыккан. Аларды Балыкчыдан Ананьево айылына алып баруу максатын көздөгөн", — деп айтылат маалыматта.

Коменданттык саатты 159 киши бузуп, бир нече автоунаа айып короого токтотулду
Ушул эле күнү Түп районунда автоинспекторлор Ак-Суу районунун Боз-Булуң айылынын тургуну башкарып бара жаткан жүк ташуучу унааны токтотуп текшергенде артында 23 адам отурган. Айдоочу аларды Түптүн Балбай айылына картошка жүктөө үчүн алып баратканын айткан.

Эки айдоочуга тең Жоруктар кодексинин 127-беренеси ("Жол кыймылы эрежелеринин башка түрлөрүн бузуу") боюнча протокол толтурулган. Автоунаалар айып короого киргизилгени айтылат.

Белгилей кетсек, Ысык-Көл облусунда өзгөчө абал жарыяланган эмес, бирок коронавирус кооптуулугунан улам өзгөчө кырдаал киргизилип, аймактар аралык каттамга чектөө коюлган.