Сапар Исаков №1 тергөө абагына которулду

Мурдагы өкмөт башчы ТЭЦти реконструкциялоодо коррупциялык иштерге барган деп 15 жылга кесилген, экинчи иш боюнча учурда соттук териштирүү жүрүп жатат.
Sputnik

БИШКЕК, 4-апр. — Sputnik. Мурдагы премьер-министр Сапар Исаков №1 тергөө абагына которулду. Бул тууралуу анын адвокаты Нурбек Токтакунов билдирди.

Эске салсак, Исаков буга чейин УКМКнын тергөө абагында отурган болчу.

“Мага бул тууралуу УКМКдан билдиришти. №1 тергөө абагына барсам киргизбей коюшту. Исаковду ал жакка которуу зарылдыгы жок болчу”, - деди жактоочу.

Сапар Исаков төрт кыздан кийин эгиз уулдуу болду
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети бул боюнча комментарий бере элек.

Белгилей кетсек, 2019-жылдын декабрь айында Сапар Исаков Свердлов райондук сотунун чечими менен 15 жылга эркинен ажыратылып, мүлкү конфискацияланган. Ал Бишкек ТЭЦин модернизациялоодо коррупциялык иштерге барган деп айыпталган.

Ал эми Бишкектеги тарых музейин реконструкциялоодогу коррупциялык иштер боюнча сот жүрүп жатат.