БИШКЕК, 4-апр. – Sputnik. Орехово-Зуево шаарында беш кабаттуу үйдүн подъездинин урандыларынын алдынан эки адамдын сөөгү табылды. Бул тууралуу РИА Новости аймактык Өзгөчө кырдаал кызматына шилтеме берип жазды.
Акыркы маалыматтар боюнча, кырсыктан сегиз адам жабыркаган.
Бүгүн, 4-апрелде, Москванын четиндеги Орехово-Зуево шаарындагы беш кабаттуу үйдөн газ колонкасы жарылып, подъезд урап калган. Интернетке жеринен тартылган видео дагы жарыяланган.
Учурда тергөө амалдары уланып жатат.