Ала-Букада коронавирус жугушу мүмкүн деп 15 дарыгер обсервацияга жаткырылды

Буга чейин Саламаттык сактоо министрлиги Кыргызстан боюнча тогуз дарыгер коронавирус жуктуруп алганын кабарлаган.
Sputnik

БИШКЕК, 4-апр. — Sputnik. Жалал-Абад облусуна караштуу Ала-Бука районунда 15 дарыгер коронавирус жуктуруп алышы мүмкүн деп обсервацияга алынды. Бул тууралуу облустук комендатурадан билдиришти.

Маалыматка караганда, медицина кызматкерлери 14 күн бою көзөмөл жайында болушат. Андан соң алардан кайрадан анализ алынат.

Эске салсак, буга чейин Саламаттык сактоо министрлиги Кыргызстан боюнча тогуз дарыгер коронавирус жуктуруп алганын кабарлаган. Маалыматка караганда, алардын жетөө Жалал-Абад облусунда, бирөө Бишкек, дагы бирөө Ош шаарында эмгектенет.