Россияда коронавирусту аныктоочу дагы бир тест-система чыга баштады

Күн сайын 200-400 топтомдон чыгарып отуруп, акыры бул көрсөткүчтү 1000ге чейин жеткирүү пландалган. Ал эми бул топтом 100 миңге чукул анализ чыгарары айтылууда.
Sputnik

БИШКЕК, 3-апр. — Sputnik. Россияда COVID-19 вирусун аныктай турган жаңы тест-система чыга баштады. Аны "ДНК-Технология" компаниясы өндүрүп жатканын РИА Новости жазды.

"Жаңы тест COVID-19 вирусун аныктоо боюнча Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун жана Россиянын Саламаттык сактоо министрлигинин бардык талаптарына жооп берет", — деп айтылат кабарда.

Россия коронавирусту аныктоочу жогорку тактыктагы жаңы тест чыгарды
Маалыматка караганда, 3-апрелден тарта күн сайын 200-400 топтомдон чыгарып отуруп, акыры бул көрсөткүчтү 1000ге чейин жеткирүү пландалган. Ал эми бул топтом 100 миңге чукул анализ чыгарары айтылууда.

Учурда Россиянын 76 аймагынан 3548 киши коронавируска чалдыкты. Алардын 30у көз жумду.

Эске салсак, Россия 25-март күнү дагы бир тест-системаны каттоодон өткөргөн. Ал мурдагы тесттерден жогорку тактыгы менен айырмаланат.