Нарындын ичинде унаа кыймылына чектөө киргизилди

Эми тургундар санитардык-карантиндик посттордон тоскоолдуксуз өтүү үчүн атайын өткөрмө кагаздарын алышы керек болот.
Sputnik

БИШКЕК, 3-апр. — Sputnik. Кыргызстанда коронавируска байланыштуу өзгөчө кырдаал жарыялангандыктан Нарын облусунун ичинде автоунаалардын кыймылына чектөө киргизилди. Бул туурасында Нарын ОИИБдин маалымат кызматы билдирди.

Ага ылайык, тургундар санитардык-карантиндик посттордон тоскоолдуксуз өтүү үчүн атайын өткөрмө кагаздарын алышы керек. Ал кагаз кызыл, жашыл, сары жана көк түстө болот.

Кыргызстанда жарандар обсервациядан чыга баштады. Режими кандай болот
Кызыл түстөгү өткөрмө кагазы аркылуу медицина, ӨКМ жана милиция кызматкерлери күнү-түнү жүрө алышат. Көк түстөгү кагаз менен азык-түлүк, күйүүчү май, дары-дармек ташыган автоунаалар 7:00-15:00 чейинки убакытта жүрө алышат. Сары түстөгү өткөрмө кагаз менен Нарын облусунун аймагындагы мамлекеттик мекеме жетекчилери жана кызматкерлер 7:00-20:00 чейинки убакытта жүрөт. Жашыл түстөгү өткөрмө кагазын жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү 7:00-20:00 чейин колдоно алат.

Ушу тапта Нарын облусунун аймагында коронавирус жуктурган төрт киши илдет менен алпурушуп жатат.