Бишкекте алтоо. Кыргызстанда 14 адам коронавирусту кайдан жуктурганы айтылды

Бүгүнкү күндө Кыргызстанда 130 адам коронавирус жуктурганы аныкталды. Анын ичинен бешөө айыгып, бир киши каза тапты.
Sputnik

БИШКЕК, 3-апр. — Sputnik. Соңку бир күндө коронавирус жуктурган 14 адамдын төртөө чет өлкөдөн келген. Бул туурасында саламаттык сактоо министри Сабыржан Абдикаримов брифинг учурунда билдирди.

Ал эми 10 бейтап өлкө ичиндеги ич ара байланыш аркылуу жуктуруп алган.

Аймактар боюнча алганда, Жалал-Абад облусунда беш, Жалал-Абад шаарында эки, Бишкек шаарында алты, ал эми Чүй облусунда бир учур катталган.

Ал эми жалпы жонунан ушу тапта Жалал-Абад облусунда 61, Ош облусунда 30, Чүй облусунда 6, Ош шаарында 10, Бишкек шаарында 14, Нарын облусунда 4, Баткен облусунда 3, Ысык-Көл облусунда 2 киши илдет менен күрөшүүдө. Бейтаптардын ичинен 72си — аял, 58и — эркек.

Коронавирустун кесепети

Дүйнөдө коронавирус жуктургандардын саны миллиондон ашты
Кыргызстанда 130 адам коронавирус жуктурганы аныкталды. Анын ичинен бешөө айыгып чыккан. Тилекке каршы, вируска кабылган Ноокат районунун 61 жаштагы тургуну 2-апрелде көз жумду. Бул өлкө ичинде катталган алгачкы учур. Мындан сырткары, төрт адам оор абалда жатат, бирөө жасалма дем алдыруу аппаратына кошулган.

Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарлары менен Сузак, Кара-Суу, Ноокат райондоруна 15-апрелге чейин өзгөчө абал киргизилген. Бул аймактарда саат 20:00дөн 7.00гө чейин көчөгө чыгууга тыюу салынган.

Ушу тапта өлкө ичинде абал кандай болуп жатканын Sputnik Кыргызстан жүргүзгөн тексттик баяндамадан билүүгө болот.