Кыргызстанда коронавирусту дагы 9 адам жуктуруп алды

Өлкөдөгү стационарларда жалпысынан вируска чалдыккан 119 бейтап жатат. Алардын төртөө оор абалда, бирөө жасалма дем алдыруучу аппаратка туташтырылган.
Sputnik

БИШКЕК, 3-апр. — Sputnik. Бүгүн Кыргызстанда дагыстогуз адам коронавирус жуктуруп алганы белгилүү болду. Бул туурасында Республикалык штабдан билдиришти.

Кыргызстанда коронавирустан бир адам каза тапты
Ага ылайык, өлкөдө коронавирус жуктурган 125 учур катталды. Бейтаптардын төртөө оор абалда, бирөө жасалма дем алдыруучу аппаратка туташтырылган. Беш киши айыгып чыкты.

Мындан тышкары, 2-апрелде Оштун Ноокат районунун ооруканасында жаткан 61 жаштагы бейтап көз жумган. Бул Кыргызстанда COVID-19 вирусунан каза тапкан алгачкы бейтап болду.

Ушу тапта өлкө ичинде абал кандай болуп жатканын Sputnik Кыргызстан жүргүзгөн тексттик баяндамадан билүүгө болот.