Кыргызстанда коронавирустан бир адам каза тапты

Азыр төрт кишинин абалы оор, бирөө жасалма дем алдыруучу аппаратка туташтырылган. Ал эми каза болгон бейтаптын 61 жашта экени айтылды.
Sputnik

БИШКЕК, 3-апр. — Sputnik. Кыргызстанда коронавирустан 61 жаштагы бейтап каза болду. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Эске салсак, Кыргызстанда бүгүн коронавирус жуктуруп алган дагы тогуз жаңы учур катталды.

"61 жаштагы бейтап 2-апрель күнү Ош облусунун Ноокат райондук аймактык ооруканасында көз жумган. Ал чет мамлекеттен келген. Бейтаптын башка да өрчүп кеткен илдеттери болгон", — деп жазылат маалыматта.

Азыркы тапта республиканын ооруканаларында коронавирус жуктуруп алган 125 учур катталган. Төрт кишинин абалы оор, бирөө жасалма дем алуу аппаратында. Беш киши айыгып чыккан.

Ушу тапта өлкө ичинде абал кандай болуп жатканын Sputnik Кыргызстан жүргүзгөн тексттик баяндамадан билүүгө болот.