Министр: Ноокатта көз жумган бейтап кичи ажылыктан келген

61 жаштагы бейтап 2-апрель күнү Ош облусунун Ноокат райондук аймактык ооруканасында көз жумган. Ал кант диабетинен да жабыркап келген.
Sputnik

БИШКЕК, 3-апр. — Sputnik. Ноокатта каза болгон адам кичи ажылыктан келген. Бул тууралуу саламаттык сактоо министри Сабыржан Абдикаримов брифинг учурунда билдирди.

61 жаштагы бейтап 2-апрель күнү Ош облусунун Ноокат райондук аймактык ооруканасында көз жумган. Аны кант диабетинен да жабыркап келгени айтылды.

"Ноокатта коронавирус жуктуруп каза болгон адам кичи ажылыктан келген. Анын кант диабети, башка дагы өнөкөт оорулары бар экен. Эми анын кайсы оорудан көз жумганын текшерүүнүн жыйынтыгынан кийин так айтабыз", — деди министр.

Коронавирустун кесепети

Кооптуу мезгил башталды. Бишкекте адамдардын жүрүүсүн чектөө дагы күчөтүлөт
Кыргызстанда 130 адам коронавирус жуктурганы аныкталган. Анын ичинен бешөө айыгып чыккан. Каза болгон бейтаптан тышкары төрт адам оор абалда жатат, бирөө жасалма дем алдыруу аппаратына кошулган.

Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарлары менен Сузак, Кара-Суу, Ноокат райондоруна 15-апрелге чейин өзгөчө абал киргизилген. Бул аймактарда саат 20:00дөн 7.00гө чейин көчөгө чыгууга тыюу салынган.

Ушу тапта өлкө ичинде абал кандай болуп жатканын Sputnik Кыргызстан жүргүзгөн тексттик баяндамадан билүүгө болот.