БИШКЕК, 3-апр. — Sputnik. Кыргызстанда өзгөчө кырдаал режими киргизилген 22-марттан тарта "Ачык электрондук китепкана" порталына (www.lib.kg) киргендердин саны кескин өстү. Бул тууралуу Алыкул Осмонов атындагы Улуттук китепканадан кабарлашты.
"Күн сайын сайтка 5500дүн тегерегинде колдонуучу кирип жатат. Өлкөлөр боюнча айта турган болсок Кыргызстандан (71,2 пайыз) тышкары, Өзбекстан (10,8 пайыз), Россия (4,3 пайыз), Казакстан (3 пайыз) жана башка өлкөлөрдөн кирүүдө", — деп айтылат билдирүүдө.
Колдонуучулардын курагы 11 жаштан жогоркулар экени кошумчаланды.
Маалыматка караганда, сайттан кыргыз, орус жана өзбек тилиндеги окуу китептерин, диссертацияларды жана сейрек кездешүүчү китептерди табууга болот. Алардын электрондук вариантын көчүрүп алуу мүмкүнчүлүгү дагы бар.