Радио

Пакыров: ишкерлерди колдоо иштери чабал болууда

ЖИА бизнес-ассоциациясынын аткаруучу директору Фархат Пакыров ишкерлерди колдоо багытында жасалып жаткан аракеттер жетишсиз болуп жатканын айтты.
Sputnik
Пакыров: ишкерлерди колдоо иштери чабал болууда

Билим берүү, туризм, жеңил өнөр жай тармагында иш такыр токтоду. Айыл чарба, азык-түлүк, логистика багытындагы ишкерлер кичине кыймылдап жатышат. Иши уланып жаткан ишкерлер деле айрым тоскоолдуктарга туш болушууда. Мындай пикирин Фархат Пакыров Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, учурда өлкөдө бизнес тармагы "иштеген" жана "иштебеген" болуп экиге бөлүнүп калды.

"Коронавируска байланыштуу дүйнө жүзү боюнча экономикада өзгөрүүлөр болуп жатат. Кыргызстанда да мындай көйгөй жок эмес. Мындан улам мамлекет өндүрүштү токтотпогонго аракет кылып,  өкмөт тарабынан ишкерлерге фискалдык, социалдык төлөмдөр боюнча жеңилдиктер жасалды. Учурда билим берүү, туризм тармагы такыр токтоп, жеңил өнөр жайында дагы сырьенун жетишсиздиги байкалууда. Ал эми айыл чарба, азык-түлүк, логистика жааты бир аз иш алып барууда. Алардын көйгөйлөрү башка. Алсак, штабдан чыккан буйруктарды жер-жерлердеги блокпосттордо ар башкача түшүнүп калышууда. Айрым айылдарда жергиликтүү тургундар, активисттер деле пост коюп алышууда. Мындан улам айыл чарба тармагында ошол эле көчөт, урук, техника, азык-түлүк продукциялары, медикаменттерди айрым аймактарга киргизе албай калып жатышат. Мындан тышкары, Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттиги тарабынан баалар белгилүү чектен өтпөшү керектиги айтылган. Бирок эл аралык рынокто нарк күндөн-күнгө көтөрүлүүдө. Бул дагы ишкерлерге татаалдыктарды жаратууда", — деди Пакыров.

Ошондой эле ал бизнесмендердин 90 пайызы насыя алып иштей турганын белгилеп, бул багытта дагы аракеттер көрүлөт деп үмүттөнүп жатышкандыгын кошумчалады.