Бишкек коменданты: сак болгула, инкубациялык мөөнөтү аяктагандар чыга баштайт

Ооруну жуктургандар болсо 14-21 күнгө чейин вирустун белгилери байкалбай жүрүп, андан кийин аныкталарын айтып келет адистер.
Sputnik

БИШКЕК, 2-апр. — Sputnik. Бишкек шаарынын коменданты Алмаз Орозалиев маалымат жыйын учурунда шаардыктарга маанилүү билдирүү жасап, сак болууга чакырды.

Анын айтымында, коронавирус жуктургандар менен байланышта болгон адамдардын инкубациялык мөөнөтү аяктап калды.

"Урматтуу шаар тургундары, жакынкы бир-эки күндө коронавирус жуктуруп алган алгачкы оорулуулар менен байланышта болгондордун инкубациялык мезгили аяктайт. Ошондуктан алдыдагы 7 күн бою үйдө калып, сыртка чыкпоону суранабыз", — деди Орозалиев.

Белгилей кетсек, ооруну жуктургандар болсо вирус 14-21 күнгө чейин белгилери байкалбай жүрүп, андан кийин аныкталарын айтып келет адистер. Ал эми Кыргызстанда алгачкы учур катталгандан бери 18 күн өттү.

Коронавирустун кесепети

Бишкек коменданты шарты начарларга азык-түлүктөн жардам берилерин айтты
Кыргызстанда 130 адам коронавирус жуктурганы аныкталды. Анын ичинен бешөө айыгып чыккан. Тилекке каршы, вируска кабылган Ноокат районунун 61 жаштагы тургуну 2-апрелде көз жумду. Бул өлкө ичинде катталган алгачкы учур. Мындан сырткары, төрт адам оор абалда жатат, бирөө жасалма дем алдыруу аппаратына кошулган.

Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарлары менен Сузак, Кара-Суу, Ноокат райондоруна 15-апрелге чейин өзгөчө абал киргизилген. Бул аймактарда саат 20:00дөн 7.00гө чейин көчөгө чыгууга тыюу салынган.

Ушу тапта өлкө ичинде абал кандай болуп жатканын Sputnik Кыргызстан жүргүзгөн тексттик баяндамадан билүүгө болот