ЕАЭБ өлкөлөрүнө азык-түлүктүн айрым түрлөрүн салыгы жок киргизүүгө уруксат берилди

Эми картошка, пияз, сарымсак, капуста, сабиз, калемпир, кара буудай, гречка акшагы, шире жана балдардын даяр тамактарына салык алынбайт.
Sputnik

БИШКЕК, 3-апр. — Sputnik. Евразия экономикалык комиссиясы 1-апрелден 30-июнга чейин ЕАЭБге мүчө өлкөлөргө азык-түлүктүн айрым түрлөрүн жана медициналык каражат, дары-дармектерди салыгы жок алып кирүүгө уруксат берди. Бул тууралуу комиссиянын маалымат кызматы билдирди.

Ага ылайык, мындай чечим коронавирус пандемиясынан улам кабыл алынган.

"COVID-19 инфекциясынын жайылуусунан улам ЕАЭБ өлкөлөрүндө экономикалык көйгөй, товар тартыштыгы жаралбаш үчүн ЕЭК 3-апрелде бир катар товарлардын тизмесин тактаган. 1-апрелден 30-июнга чейин ал товарларды ЕАЭБ өлкөлөрүнө алып кирүүдө кошумча салык алынбайт", — деп жазылат маалыматта.

Салык алынбай турган айыл чарба товарлары жана тамак-аштын катарында картошка, пияз, сарымсак, капуста, сабиз, калемпир, кара буудай, гречка акшагы, шире жана балдардын даяр тамактары бар.

ЕАЭБ өлкөлөрүнүн башчылары видеоконференция форматында сүйлөшүүсү мүмкүн
Салыктан бошотулган медициналык каражаттарга эндоскоп, дене тапты алыстан текшерген термометр, бир жолу колдонгон пипетка, дезинфекциялаган жабдуу кирди. Мындан сырткары, дары өндүрүүгө керектелчү товар жана медициналык каражаттардын тизмеси да кеңейтилген.

ЕЭК "А" формасындагы сертификаттарды колдонууга да убактылуу жеңилдиктерди берүү чечимин кабыл алган. Мындай жеңилдик сертификаттардын электрондук же кагаз түрүндөгү көчүрмөсүн эле колдонууга жакшы мүмкүнчүлүк түзүп берери айтылды.

Буга чейин ЕЭК азык-түлүктүн бир нече түрүн ЕАЭБге мүчө мамлекеттерден сырткары башка өлкөлөргө чыгарууга убактылуу тыюу салуу боюнча чечим кабыл алган.