"Акун" компаниясы: өткөрмө кагаздарын алдык, ун чыгарууну улантабыз

Компаниянын кызматкерлери жолго коюлган блокпосттордон өтө албай жаткандыктан ун өндүрүү токтотулганы айтылган.
Sputnik

БИШКЕК, 3-апр. — Sputnik. Бишкектин комендатурасы "Акун" компаниясынын кызматкерлерине блокпосттордон өтө турчу кагаздарды берди. Бул тууралуу ун комбинаты Facebook баракчасы аркылуу билдирди.

"Колдооңуздар үчүн ыраазычылык билдиребиз, бүгүн кечинде 22 кызматкерге өткөрмө кагаздары берилди. Эртең "Бишкек ун комбинатынын" жумушчулары да уруксат кагазын аларына ишенебиз. Сиздердин аркаңыздар менен завод ун чыгаруусун улантат", — деп айтылат маалыматта.

Эске сала кетсек, компания кызматкерлер жолго коюлган блокпосттордон өтө албай жатканын кабарлап, буга байланыштуу ун чыгаруу токтотулганын маалымдаган.

Бирок Бишкек комендатурасы компаниянын 31-марттагы арызы боюнча өткөрмө кагаздары даярдалганын, бирок ушул күнгө чейин аларды алып кетүүгө бир дагы адам келбегендигин билдирген.