Бирок 1-апрелде "Республика — Ата-Журт" фракциясынын депутаты Курманкул Зулушев депутаттарды шайлоо менен кошо өлкөнүн башкаруу системасын аныктаган референдум өткөрүп алуу керектигин айтып, мыйзам долбоорун сунуштады.
Дүйнөнү дүрбөлөңгө салган COVID-19 өлкөдө өз өкүмүн жүргүзүп турганда мындай мыйзам сунуштоо канчалык ылайыктуу болду? Бул Баш мыйзамга туура келеби? Эмнеге 19-мартта катталган мыйзам долбоору талкууга 1-апрелде чыгарылды? Ушул жана башка бир топ суроолорго жооп алуу үчүн Борбордук шайлоо комиссиясынын мурдагы төрагасы Акылбек Сариевди кепке тарттык.
— Референдум өткөрүү боюнча мыйзам долбоору туура учурда сунушталдыбы?
Эреже боюнча мыйзам долбоору катталгандан бир күндөн кийин эле коомдук талкууга чыгышы керек. Бул долбоор 19-мартта катталган экен, эмнеге 10 күндөн ашуун талкууга коюлбай кармалып турганы азырынча белгисиз, балким алып чыксак болобу же жокпу деп буйдалып калышкандыр. Кандай болгон күндө да так азыркы учурда мындай мыйзам долбоорун сунуштоо орунсуз кадам.
Менталитетибиз парламенттик өлкө болууга каалообуздун жоктугун көрсөттү. Демек, бул жашоо нугунда эле жолго салынып кете берчү маселе болчу. Калк өзү президенттик системага ыктап бара жаткан соң жөн гана Конституцияны бийлик бутактарынын ыйгарым укуктарын так жазуу менен өзгөртүп койсок болмок.
— Бизде сунушталган мыйзамдардын чийкилигинен кийин кайра алымча-кошумчаларды сунуштоо адатка айланып бара жатат. Жыйынтыгында самандай сапырылган мыйзамдардан эл жабыр тартып калууда. Бул мыйзам долбоорунан кандайдыр бир алешемдиктерди байкадыңызбы?
— Бул олуттуу, татаал, тарыхый кадам жасоочу мыйзам. Азыркы сунушталып жаткан долбоорго келе турган болсок менде бир топ суроолор жаралды. "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик түзүлүшүн аныктоо боюнча референдум" деп коюптур. Мамлекеттик түзүлүшү боюнча Кыргызстан унитардык болуп эсептелет, ал эми башкаруу формасы "президенттик" же "парламенттик" деп айтылбайт. Биздин өлкө республикалык башкаруудагы мамлекет. Анын ичинен анан президенттик же парламенттик болуп бөлүнөт. Муну эч ким талаша албайт.
Ал эми канчалык бир көп эмес пайыз менен айырмаланып "президенттик" система референдумда колдоо тапса, анда Конституцияны да өзгөртүүгө туура келет. Кайрадан республикалык башкаруудагы президенттик системага Баш мыйзамды ылайыкташтырып же жаңы Конституция кабыл алуу зарылчылыгы жаралат. Бул учурда чыгым кетпейби? Айтор, суроолор көп.
— Мына ушундай көп суроолорду эл дагы дембе-дем берип жатканын социалдык тармактардан учуратса болот. Ал билдирүүлөрдү окуп отуруп көпчүлүк кыргызстандыктар аталган мыйзам долбоорун бийликтин тапшырмасы катарында кабыл алып жатканын көрөбүз. Бул багытта сиздин оюңуз кандай?
— Чындыгында сыртынан караганда бийликтин максаты сыяктуу көрсөтүлүп калышы мүмкүн. Азыр карантинге байланыштуу эл да интернет айдыңында өтө активдешип турган маалы. Эгер мындай божомолдор токтобосо өлкө башчысы айласыздан элге кайрылуу жасап калышы мүмкүн. Андай учурда пайыздык босого тууралуу мыйзам долбоорундай болот. Анда 9 пайыздан түшүрүү боюнча ар кандай пикирлер, сунуштар айтылып келгени менен Жогорку Кеңеш унчукпай отурган. Бирок президент 7 пайыздык босогону колдоорун билдирген соң пайыздык босогону 7 пайызга түшүрүү керек деп айтып чыккандар көбөйбөдүбү. Ошол сыяктуу эгер мамлекет башчысы референдум өткөрүү боюнча мыйзам долбоорун колдогон пикир билдирсе, Курманкул Зулушевден башка да демилгечилер кошула баштайт.
— Мыйзам долбоору колдоо табабы? Өтүп кетиши мүмкүнбү?
— Мыйзам долбоору өтүп кетти дейли. Элди түйшөлткөн экинчи маселе, 120 депутат болуп кала бергени туурабы?
— Ооба, бул референдумду өткөрүүдө ушундай сунуш кошо айтылса болмок. Чындыгында 120 депутат көп экендигин тажрыйба көрсөтүп койду. Алардын 30 пайызы гана активдүү иштеп, калганын эл тааныбай эле мөөнөтү бүтүп кетип баратат. Эгер депутаттардын саны кыскартылат деп сунушталса, балким ошонун шаңы менен эл президенттик системага добуш бермек. Бирок анда кайра эле келип баары бир Баш мыйзамды өзгөртүү үчүн референдум уюштурууга туура келет. Аны да жергиликтүү кеңештердин шайлоосу менен чогуу өткөрүп коёбуз деген варианттар айтылышы мүмкүн. Кандай болгон күндө да бул олуттуу маселе. Референдум боюнча түшүндүрүү иштери калк арасында кенен жүргүзүлүп анан өтүшү керек. 2010-жылы шашылыш кабыл алынган мыйзамдардын чийкилигинин запкысын ушул күнгө чейин тартып келе жатпайбызбы, болбосо ошондой эле көрүнүш кайталанат.