Жээнбеков БУУнун башкы катчысы Антониу Гутерришке кайрылуу жолдоду

Акыркы маалыматка караганда, дүйнө жүзү боюнча коронавирус жуктургандардын саны 939 436га жетти. Анын ичинен 47 287 киши каза таап, 195 081и сакайды.
Sputnik

БИШКЕК, 2-апр. — Sputnik. Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 2-апрелде, Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) башкы катчысы Антониу Гутерришке кайрылуу жолдоду. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.

Медайымдардын чыры, сыртка чыга албаган карылар. Коңшуларда абал кандай
Анда Жээнбеков Гутерриштин БУУга мүчө мамлекеттер менен күчтөрдү бириктирип, коронавирус инфекциясына каршы күрөшүү үчүн 2 миллиард долларлык гуманитардык иш-аракеттерин баштоо боюнча глобалдык план түзүү демилгесин колдоорун айтты.

Президент коронавирус инфекциясынын тез жайылышына байланыштуу дүйнөдөгү болуп жаткан кырдаалга көңүл бурган.
Ошондой эле Жээнбеков Кыргызстандын эпидемияга каршы багытталган чаралары, дуушар болуп жаткан кыйынчылыктары жөнүндө айтып берген.

Белгилей кетсек, Жон Хопкинс атындагы университеттин Системалуу изилдөө жана инжиниринг борборунун сайтында көрсөтүлгөндөй, учурда дүйнө жүзү боюнча коронавирус жуктургандардын саны — 939 436. Анын ичинен 47 287 киши каза таап, 195 081и  сакайды. Ал эми Кыргызстанда COVID-19 вирусуна 116 киши кабылды. Алардын бешөө айыгып кетти.