БИШКЕК, 2-апр. — Sputnik. Sputnik Кыргызстан агенттигине окурмандар кайрылып, коронавируска байланыштуу чек ара жабылгандыктан Түркиядан 300дөй кыргызстандык келе албай калганын билдиришти.
Алар Кыргызстандын Түркиядагы элчилигине кайрылганын, бирок ал жактагылар маселе чечилип жаткандыгын билдиришкенин айтып беришти.
"Жообун күтүүдөбүз, бирок кеч болуп калабы деп коркуп жатабыз. Иштен айрылып, акчабыз түгөндү. Көбү батирден чыгып мейманканада жашап жатышат. Бизге "күткүлө" деп айтышууда, бирок Түркияда вируска чалдыккандардын саны 15 миңден ашты. Жаңылыктарда биздин бийлик жарандарын алып кетүүгө даяр экендигин билдирип жатышат, бирок иш жүзүндө ал аткарылган жок. Биз көпкө чейин чыдай албайбыз. Күн сайын абал оорлоп баратат", — дешти жарандар.
Окурмандын айтымында, жүздөгөн кыргызстандыктар Стамбулда, Анкарада жана Антальяда жүрүшөт.
Социалдык тармактарга дагы Түркиядагы адамдардын кайрылуулары жүктөлүп жатат.
Алардын бири Стамбулга операция жасатканы келип, ошону менен калып калганын айтууда.
Ошондой эле Антальядагы кыргызстандыктар 24-мартта мекенге учабыз деп жумуштан чыгып алгандыктан орто жолдо калганын билдиришти.
КРдин Тышкы иштер министрлиги Sputnik Кыргызстан агенттигине "бул маселе азыр иштелип жатат, маалымат болгондо кабарлайбыз" деп жооп беришти.